Евразия экономикалык форуму

Россиялык саясатчы: ЕАЭБде бизнес улуттук валютада эсептешүүнү өзү тандайт

Өткөн жылы соода жаатында улуттук валютада эсептешүүлөрдүн үлүшү 74 пайызды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. ЕАЭБде бизнес улуттук валютада эсептешүүнү өзү тандай турганын Россиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумда билдирди.
Ал буга чейин сессиялардын биринде улуттук валютага болгон кызыгуу өсүп жатканы айтылганын эске салды.
"Мында жөнгө салуучулар менен администраторлордун милдети — кийлигишпөө, жөнгө салбоо. Эгер кандайдыр бир чектөөлөрдү алып салуу мүмкүн болсо, муну жасаш керек. Азыр чарба жүргүзүүчү субъектилерди валютадан баш тарттыруунун кереги жок", — деди министрдин орун басары.
Анын айтымында, дүйнө чындап эле диверсификацияланууда, мында кеп ЕАЭБ өлкөлөрүнүн валюталарында гана эмес.
"Рублге келсек... Ыкчам чаралардын арты менен тышкы индикатордон ресурстук индикаторго кайра өтүүсү байкалды. Бул Россиянын валютасынын чыныгы наркы күтүлгөндөн да бир топ жогору экенин көрсөттү", — деди Вольвач.
Ал ЕАЭБ азыркы өзгөрүүлөргө даяр экенин белгилеген. Маселен, өткөн жылы улуттук валютадагы эсептешүүлөрдүн үлүшү 74 пайызды түзгөн. Ал эми доллардын үлүшү 2013-жылдан бери 40 пайыздан 19 пайызга кыскарган.
"Улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдүн өсүү темпи жогору. Дагы бир жолу айта кетейин, жөнгө салуучу орган менен администраторлордон кескин чаралар талап кылынбайт. Рынок ыңгайлуу келишимдерди жана валютаны өзү тандап алат", — деп билдирди Вольвач.
Ал улуттук валютада эсептешүүлөрдүн өсүшүнө тоскоол жараткан көйгөйлөрдү аныктоо керектигин кошумчалады.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Кожошев ЕАЭБ кайсы тармак боюнча иш алып барышы керектигин айтты