БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин (КазУУ) филиалы ачылат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев филиалдын ачылышына катышат.
"Жакынкы мүнөттөрдө биздин билим берүү министрлерибиз Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин (КазУУ) филиалын ачышат. КазУУнун Бишкектеги филиалы эки өлкө үчүн керектүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган мыкты жайга айланат деп ишенем", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, бүгүн, 26-майда, Казакстандын президенти Кыргызстанга расмий сапары менен келди.