Бишкек шаарынын бир нече аймагы жашылдандырылып жатат. Сүрөт

Калаанын райондорунда газондор жасалууда. Кээ бир жерлер түздөлүп, жаңыдан көрктөндүрүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкек шаарынын бир нече жери жашылдандырылып жатканын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Ленин районундагы Тыналиев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө газон чөптөрү айдалууда. Ал жакка топурактын атайын түрү төгүлүп, урук себилген. Ахунбаев көчөсүнөн Миңжылкыев көчөсүнө чейинки аймакта айдалган чөптөр баш көтөрүп келе жатат.
1 / 3

Бишкек шаарынын бир нече жери жашылдандырылып жатканын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Ленин районундагы Тыналиев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө газон чөптөрү айдалууда

3 / 3

Ал жакка топурактын атайын түрү төгүлүп, урук себилген. Ахунбаев көчөсүнөн Миңжылкыев көчөсүнө чейинки аймакта айдалган чөптөр баш көтөрүп келе жатат.

Ошондой эле Чүй проспектисиндеги киоскилердин ордундагы жер көрктөндүрүлүлүүүдө. Мындан сырткары "Аска Таш" комплексиндеги жер түздөтүлүп, газон чөптөрү айдалган.
Андан сырткары, Свердлов районунун Огонбаев көчөсүндөгү №4 мектепте дагы газон пайда болот.
Мэрия белгилегендей, буга чейин Чүй проспектиндеги Ак үйдүн аймагы да жашылдандырылганын кошумчалады.
Аталган жумуштарды "Бишкек жашыл чарба" муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери жасап жатканы айтылды.
Бишкекте унаа токтотуучу жайда иштегендер эми кызыл жилетчен болушат. Сүрөт