Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалы ачылды. Сүрөт

Студенттер IT-технология, тоо-кен иштери, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, туризм жана башка адистиктер боюнча билим ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын өлкө башчылары Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Бишкектеги Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Кыргызстан менен Казакстандын өлкө башчылары Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Бишкектеги Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалына барды

2 / 4

Окуу жайдын ректору Жансейит Түймебаев мамлекет башчыларына имаратты кыдыртып, билим берүү мекемеси тууралуу айтып берген

3 / 4

Филиалды ачуу чечими Садыр Жапаровдун 2021-жылдын март айында Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган

4 / 4

Бир жылдын ичинде филиал лицензия алган.

Окуу жайдын ректору Жансейит Түймебаев мамлекет башчыларына имаратты кыдыртып, билим берүү мекемеси тууралуу айтып берген.
Филиалды ачуу чечими Садыр Жапаровдун 2021-жылдын март айында Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган. Бир жылдын ичинде филиал лицензия алган.

"Студенттер бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө талап кылынган IT-технология, тоо-кен иштери, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, туризм жана башка адистиктер боюнча билим алышат", — деп жазылган маалыматта.

Ага Казакстандагы башкы университеттин өзүнөн профессордук-окутуучулар курамынын 30 пайызы тартылса, окутуучулардын 70 пайызы Кыргызстандан болот деп пландалып жатат.
Келечекте жамааттык пайдалануу үчүн илимий лаборатория жана технопарк түзүү мерчемделүүдө.
Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин бул филиалынан эки өлкөнүн, ошондой эле башка мамлекеттердин жарандары окуй алышат.
Кыргызстан менен Казакстандын лидерлери окуу жайдын имаратын көрүп чыгып, университеттин Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырышты.
Бишкекте казак акыны Абай Кунанбай уулунун айкели ачылды. Сүрөт