Евразия экономикалык форуму

Мясникович: Евразиялык форумда реалдуу иштечү документтерге кол коюлат

Михаил Мясникович учурда ЕАЭБ өзүнүн өнүгүү жолунда оңой эмес учурду баштан кечирип жатканын, бирок мындан көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү тапса болорун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумда жөн гана меморандумдар эмес, реалдуу иштеп жаткан долбоорлор боюнча документтерге кол коюлат. Бул тууралуу аталган форумдун ачылышында Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.
"Кызматташуу боюнча 17 программа жана эки тараптуу келишимдерге кол коюлат. Бул жөн гана меморандумдар эмес, ишке ашып жаткан же аша турган долбоорлор тууралуу документтер. Мисалы, форум учурунда Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын алгачкылары Москвага жеткирилет. Бул "Агроэкспресс" программасынын алкагында ишке ашып жатат", — деди Мясникович.
Ошондой эле ал аталган форумдун келечеги кең экенине ишенерин айтты.
"Форумга 25 өлкөдөн 2 миңден ашык киши катышууда. Бул форумдун актуалдуу экенин дагы бир ирет айгинелеп турат. Аянтча бизнес-коомчулук, илимпоздор, серепчилер жана мамлекеттик органдардын ортосунда диалог түзүүгө жардам берет деп ишенебиз", — деди ЕЭК төрагасы.
Мындан тышкары, Мясникович учурда ЕАЭБ өзүнүн өнүгүү жолунда оңой эмес учурду баштан кечирип жатканын, бирок мындан көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү тапса болорун кошумчалады.
Сөзүнүн соңунда ЕЭК жетекчиси форумду өткөрүп жаткан меймандос кыргыз элине ыраазычылык билдирди.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келди. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетикалык жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу болору айтылды.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Пандемияга чейинки деңгээлге жетти. Жапаров ЕАЭБдеги жетишкендиктер тууралуу