Евразия экономикалык форуму

Бишкектеги Евразиялык экономикалык форум кандай өттү. Сүрөт

Бишкекте биринчи жолу Евразиялык экономикалык форум өттү. Иш-чарадагы ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
Sputnik
Форумга 15 өлкөдөн 2,5 миңден ашык адам катышты. Алардын арасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле Латын Америкасы жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн делегациялары болду. Борбор калаадагы үч жерде өнөр жай, электрондук соода-сатык, энергетика жана транспорт, бизнес жана туризм тармагындагы кызматташтыктын жаңы багыттары боюнча алты панелдик талкуу өткөрүлдү.
Sputnik Кыргызстан Евразия экономикалык форумунун эл аралык медиа өнөктөшү болду.
1 / 15

Иш-чарага 15 өлкөдөн 2,5 миңден ашык адам катышты

2 / 15

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров форум маалында

3 / 15

Форумдун ишине россиялык белгилүү кинорежиссер Никита Михалков катышты

4 / 15

Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович сөз сүйлөп жатат

5 / 15

Форум ЖМК кызматкерлери менен блогерлер арасында кызыгуу жаратты

6 / 15

Форумдун алкагында ЕАЭБдин эң мыкты айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулду

7 / 15

Көргөзмөгө каалоочулардын бардыгы катышты

8 / 15

Көргөзмөгө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген 60тан ашык компаниянын продукциясы коюлду

9 / 15

Форумда сүйлөгөндөрдүн сөздөрү кызуу талкуу жаратты

10 / 15

Форумда бир гана ийгиликтер эмес, өнөктөш өлкөлөрдүн кызматташуусундагы кемчиликтер да айтылды

11 / 15

Форумдун жыйынтыгында 10дон ашык келишимге жана меморандумга кол коюлду

12 / 15

ЕЭКтин бажы кызматташуусу боюнча министри Максат Мамытканов жана Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти маек учурунда

13 / 15

ЖМК өкүлдөрү Евразиялык экономикалык форумда иштеп жатат

14 / 15

Президент Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык форумдун пленардык отурумунда

15 / 15

Россиянын президенти Владимир Путин Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынына видеоконференция аркылуу катышты