БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги № 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн музейинин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн Бишкектеги № 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн музейинин ачылыш аземи болду.
© Фото / пресс-служба Министерства Обороны КР
Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы орто мектептин окуучулары, легендарлуу учкуч, Советтер Союзунун Баатыры Исмаил Таранчиевдин туугандары, Абадан коргонуу күчтөрүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.
Музейди ачуу иши эки жылдан бери жүрүп келгени айтылат. Маданий жайга Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы экспонаттар, архивдик сүрөттөр жана тарыхый документтер, ошондой эле Фрунзедеги авиаклубга, 24-учкучтар окуу жайына, Одессадагы учкучтар окуу жайына жана 5-борбордук авиациялык курстарга тиешелүү сейрек кездешкен буюм-тайымдар коюлган.
Музей КРдин Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери үчүн, ошондой эле жаштарга аскердик-патриоттук тарбия берүү жана аскердик авиацияны кеңири жайылтуу максатында ачылган.