Радио

Досалиев: Кыргызстан коопсуздугун ЖККУнун жардамы менен гана камсыздай алат

Атайын кызматтын ардагери Нурлан Досалиев учурда өлкө коопсуздугуна коркунуч жараткан тобокелчиликтер көп экенин белгиледи.
Sputnik
Кыргызстан өз коопсуздугун ЖККУнун жардамы менен гана камсыздай алат. Бул тууралуу Нурлан Досалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө өз алдынча коопсуздугун камсыздай албайт.
"Кыргыз армиясында кесипкөй адистер кызмат өтөйт. Аскерлер тайманбас, эр жүрөк, бирок азыркы заманда жалгыз бул сапаттар менен душманды жеңүү мүмкүн эмес. Себеби заманбап курал, аскердик техника жана жабдыктар керек. Күчтүү армияларда чалгын комплекси, чалгындык сокку уруучу комплекс дегендер бар. Өлкөдө мына ошол түшүнүктөрдү билбеген жетекчилер кездешет. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок согуш чыгып кетсе өлкөдө заманбап авиациялык, брондолгон жана башка аскердик, артиллериялык техника жокко эсе. Мунун баары ЖККУда бар. Ошондуктан аталган уюм аркылуу гана өлкө коопсуздугун камсыздай аларын эске алуу зарыл. Демек, ЖККУдан чыгуу керек деген пикирлер айтылбашы керек. Учурда Кыргызстан үчүн кооптуулук жараткан тобокелчиликтер көп. Эл аралык террорчулук, наркотрафик жана башка. Ошондуктан Орто Азияда Россия менен бирге курал, куралдуу күчтөр, атайын кызматтар жагынан бирдиктүү система түзүү зарыл", — деди Досалиев.
Ошондой эле ал учурунда Ирак, Ливиянын жетекчилиги күчтүү аскери болгону менен коргонуучу зениттик-ракеталык системасы болбогону үчүн кыйраганын кошумчалады.