Евразия экономикалык форуму

Баалуу кагаздарды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биржасында жайгаштыруу пландалууда

Учурда ЕАЭБ аянтчаларында баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө уруксат берүү боюнча макулдашуу жүрүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. ЕАЭБде баалуу кагаздарды кайсы бир мамлекеттин өзүнүн гана биржасында эмес, бирикмедеги башка өлкөлөрдүн аянтчаларында жайгаштыруу пландалууда. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров билдирди.
Ал Бишкектеги Евразиялык экономикалык форумдун алкагында "Экономикалык өсүшкө түрткү берүүдө ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук валюталарында номинацияланган биржадагы финансылык инструменттердин ролу" аттуу сессияда сөз сүйлөгөн.
"Азыр бир мамлекеттин брокерлери менен дилерлерин башка өлкөнүн аймагында кабыл алуу, ошондой эле ЕАЭБ аянтчаларында баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө уруксат берүү боюнча макулдашуу иштери жүрүп жатат", — деген Пирназаров.
Мындан сырткары, ЕАЭБдин жалпы каржы рыногу үчүн улуттар аралык жөнгө салуучу органды түзүү аракети жүрүп жатканын кошумчалады.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Михалков: маданий цивилизацияга түндүк атлантикалык чабуул жүрүп жатат