Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШнын Россияны жалгыздатуу аракетинен майнап чыккан жок

Көп мамлекет АКШнын Россиядан обочолонуу чакырыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. АКШнын Россияны жалгыздатуу аракетинен майнап чыккан жок. Мындай тыянакка Американын Politico басылмасы келди.
Макалада АКШ менен Европадан башка мамлекеттер үчүн Россиянын Украинадагы атайын операциясы аймактык жаңжалдын чегинен чыкпаган маселе экени жазылган. Индия, Бразилия, Мексика, Түштүк Африка, Түркия жана Индонезия сыяктуу өлкөлөр өздөрүнүн экономикалык жана стратегиялык кызыкчылыктарын коргоону артык көрүшөт. Өз кезегинде Түштүк Африка Вашингтон НАТОну кеңейтүүнү көздөп, кризисти ого бетер курчутуп, натыйжада тирешүүгө алып келди деп эсептейт.
Көп мамлекет АКШнын Россиядан обочолонуу чакырыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгон. Эч кандай санкцияларды киргизген эмес. Анын ичинде Түркия менен Израиль эл аралык аракеттер Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө багытталышы керек деп эсептеп, атайын операция Россияны обочолонтууга негиз эмес деп эсептейт. Алар расмий Москванын аракетин айыптоо тирешүүнү токтотпойт деген пикирде.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максатын "8 жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, орус армиясы Украинанын күжүрмөн потенциалын буга чейин эле бир топ кыскарткан. Атайын операциянын негизги максаты Донбассты бошотуу деп аталды.
Ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага катар-катар санкцияларды салган. Анткен менен Европа күйүүчү майдын кымбатташына жана андан улам пайда болгон азык-түлүк инфляциясына кабылды.
ЖМК: дүйнөлүк экономика рецессия алдында турат