БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекте I Евразиялык экономикалык форумдун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылдын биринчи жарымында ЕАЭБде кандай экономикалык жетишкендиктер болгонуна токтолду.
Анын айтымында, уюмдун ички дүң продукциясы 4,5 пайызга жогорулаган. Курулуш тармагында дүң кошумча нарк — 5 пайызга, айыл чарбасында — 0,05 пайызга, өнөр жайда — 4,1 пайызга, негизги капиталга инвестиция 5,7 пайызга өстү.
Бардык өлкөлөрдүн ИДПсы пандемияга чейинки деңгээлге жетип, Беларустуку — 2,3 пайызга, Казакстандыкы — 4 пайызга, Россияныкы — 4,2 пайызга, Арменияныкы — 4,1 пайызга, Кыргызстандыкы 3,6 пайызга жогорулады.
"Өз ара соодада оң тенденция байкалууда. Ал эми тышкы соодада экспорттун көлөмү 500 миллиард долларга жетип, 2015-жылдан берки рекордду жаңылады", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин соода агымынын багыты өзгөрүп жатканын айтты. Мисалы, биримдиктин тышкы соода жүгүртүүсүндөгү Евробиримдиктин үлүшү 2015-жылдагы 46,2 пайыздан 2020-жылы 36,7 пайызга кыскарган. Ал эми Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы (АТЭС) жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-өлкөлөрдүн үлүшү, тескерисинче, жогорулады.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетикалык жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу болмокчу.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.