Евразия экономикалык форуму

Акылбек Жапаров: дүйнөлүк цивилизация Батыштан Чыгышты көздөй жыла баштады

Бишкекте I Евразия экономикалык форуму ачылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Дүйнөлүк цивилизация Батыштан Чыгышты көздөй жыла баштады. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан I Евразия экономикалык форумунун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.
"Дүйнөлүк цивилизация Батыштан Чыгышты көздөй багыт ала баштады. Негизги экономикалык салмак акырындык менен Азия континентине жайгашууда. Европага терезе жабылса, Азиянын эшигин ачабыз. Биздин бирикме өзүнүн көзөмөлдөөчү позициясына өтчү мезгил келди", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал азыркыдай кризис, өзгөрүүлөр учурунда интеграциялык процесстер өтө маанилүү экенин айтты.
"Биргелешип иштешүү жолу менен гана ийгиликтер жаралып келе жатат. ЕАЭБ акырындык менен саясий биримдикке өтүп кете турган экономикалык биримдиктин модели болуп калышы керек. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында биримдиктин ИДПсы 4,5 пайызга өстү", — деди өкмөт башчы.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетикалык жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу болору айтылды.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Пресс-борбор
Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгы менен дагы кандай иш-чаралар өтөт