Радио

Садыков: Кыргыз улуттук университетине 90 жыл толду

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков аталган окуу жай быйыл 90 жылдык мааракесин белгилеп жатканын айтты.
Sputnik
Окуу жайдын 90 жылдыгына арналган иш-чаралар жылдын башынан бери эле өткөрүлүп келе жатат. Эл аралык деңгээлдеги негизги илимий конференциябыз сентябрь айынын соңуна мерчемделген. Бул тууралуу Канат Садыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу жай университет макамын 1951-жылы алган.
"Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 90 жыл толуп отурат. Жыл башынан бери эле мааракенин алкагында ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп келүүдөбүз. Мисалы, окуу жайдын ректорлорунун бири академик Кайып Оторбаевдин 100 жылдыгына арналган илимий конференция болуп өттү. Мындан сырткары да бир топ иштер жасалды. Ошондой эле алдыда Кыргыз улуттук университет Фрунзедеги борбордук педагогикалык техникум деп аталып турган кезинен тарта ачылып, иштеп келе жаткан тарых, кыргыз тили жана адабияты, математика, биология факультеттеринин да өз-өзүнчө илимий конференциялары өткөрүлөт. Ал эми негизги эл аралык деңгээлдеги илимий конференцияны сентябрь айынын соңуна пландаштырып жатабыз", — деди Садыков.
Ал Кыргыз улуттук университеттен кыргыздын каймактары болгон залкарлар окуп, билим алганын кошумчалады.