Парламент телефон тыңшап, жашыруун камера коюу мыйзам долбоорун кабыл алды

Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жөнүндө мыйзам долбоорлорунун пакетин үч окууда кабыл алды.
Анда төмөнкү мыйзам долбоорлору кабыл алынды:
"Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" — макул 73, каршы 3;
"Контрчалгындоо иши жөнүндө" — макул 72, каршы 4;
"Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" — макул 74, каршы 3;
"Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" — макул 71, каршы 6;
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" — макул 73, каршы 4.
Белгилей кетсек, буга чейин "Контрчалгындоо иши жөнүндө" мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынган. Анда соттун чечимисиз эле телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо, менчик жерге жашыруун камера коюуга уруксат берүү каралган. Айрым депутаттар бул сунуш Баш мыйзамга каршы келерин айтышкан.
Кабыл алынган мыйзам долбоорлору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Башкы прокурор УКМКнын тыңшоо жана камера коюу демилгесине каршы болду