БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Түндүк —Түштүк альтернативалуу жолунда, Жумгал жана Казарман аймактарынын ортосунда таш кулады.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, жол тосулуп калган.
Май айынын орто ченинде мүмкүн болгон сел жана таш кулоолорго байланыштуу Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунун Арал айылынан Казарман айылына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылган.
Транспорт министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун айтымында, таш кулоо жолдун 249-чакырымында болгон. "Учурда жолдун унаа жүрүүчү бөлүгү жабылды, бирок жолчулар эки тарапка тең машина өтүп турсун деп убактылуу айланма жол жасашты. Окуя болгон жерде атайын техника бар, бирок тазалоо иштери баштала элек. Таш дагы деле кулап жатат. Тазалоо иштери таш кулап бүткөн соң башталат”, — деди ал.
Жолдун курулушу 2014-жылы кредиттик каражатка башталып, анын көбүн Кытай бөлгөн. Бийлик жаңы транспорттук артерия түштүк облустарынан Нарын, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарына жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун баасын төмөндөтүп, кендерге жана ГЭСтерге кирүүнү жеңилдетип, туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп күтүүдө. Толугу менен альтернативдүү жолду 2024-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.