Кызды башка койгулап. Сузакта окуучуну сабап жаткан мугалимдин видеосу

Министрлик окуянын Сузак районундагы Сафаровка айылындагы мектепте болгонун билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Социалдык тармакта окуучу кызды класстын ичинде мугалим башка-көзгө койгулап уруп жана тилдеп жаткан видео тарады.
Видеодон жоолукчан аялдын кыйкырып, ал эми класстагы окуучулардын аны сабырдуулукка чакырып жаткандыгын угууга болот.
Билим берүү жана илим министрлигинен Sputnik Кыргызстанга бул окуянын 23-май күнү Сузак районундагы Сафаровка айылындагы мектепте болгонун айтышты.
"Эртең Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн турган комиссия окуянын чоо-жайын билип жана мугалимдин жоопкерчилигин карайт. Ал эми бул ишти милиция бүгүн териштирип баштады", — деп айтышты министрликтен.
ӨКМ: Чаткалда класстын шыбы урап түшүп, ичиндегилер ооруканага жөнөтүлдү. Сүрөт