БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Москвадагы Борбордук аскердик клиникалык госпиталга барып, Украинадагы атайын операцияда жарадар болгондордон кабар алды.
Ал медицина кызматкерлери менен да жолугушту. Путинди коргоо министри Сергей Шойгу коштоп жүрдү.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максатын “8 жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо” деп атаган. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, орус армиясы Украинанын күжүрмөн потенциалын буга чейин эле бир топ кыскарткан. Ведомстводогу атайын операциянын негизги максаты Донбассты бошотуу деп аталды.