Бишкекте Панфилов паркындагы кафеден өрт чыкты. Сүрөт

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканы айтылды. Жабыркагандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкекте Панфилов сейил багындагы "Панорама" кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Бишкекте Панфилов сейил багындагы "Панорама" кафесинен өрт чыкты

2 / 3

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталып жатканы айтылды

3 / 3

Жабыркагандар жок.

Билдирмеге караганда, тилсиз жоо 25-май күнү таңга маал болгон.
"Өрттү өчүрүүгө ӨКМден үч өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылган. Ал саат 07:12де чектөөгө алынып, саат 08:26да толук өчүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталып жатканы айтылды. Жабыркагандар жок.
Кытайдын аэропортунда учак өрттөнүп, 40 жүргүнчү жабыркады. Видео