Россия ТИМи: Москва азык-түлүк маселеси боюнча диалогго ачык

Батыш өлкөлөрүнүн Россияга карата санкцияларынын айынан тамак-аш экспорту боюнча көйгөйлөр жаралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Москва азык-түлүк көйгөйүн чечүү үчүн бардык кызыкдар тараптар менен диалогго даяр. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденкого шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Азык-түлүк маселесин чечүү комплекстүү мамилени талап кылат. Анын ичинде россиялык экспортко жана каржы операцияларына киргизилген санкциялар бар. Мунун баарын чечүү керек. Россия тарап көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүнү каалагандардын баары менен диалогго дайым даяр", — деди Руденко.
Эске салсак, бир катар Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалга байланыштуу Россияга каршы бир нече санкциялар пакетин жарыялаган. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев бул санкциялардын кесепети эл аралык азык-түлүк кризисине алып келерин айткан.
Кытай: Россия менен Украинадан эгин экспорттоо үчүн "жашыл коридор" түзүү керек