Маймыл чечеги эпидемияга айланабы? Вирусологдун түшүндүрмөсү

Илдет адамдан адамга өтүшү мүмкүн, бирок кадимки чечектей жугуштуу эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Маймыл чечегине кабылгандардын саны арбышы мүмкүн, бирок эпидемияга айланып кетүү ыктымалдуулугу аз. Бул тууралуу Гамалея атындагы борбордун илимий кызматкери, вирусолог, медицина илимдеринин доктору Анатолий Альштейн билдиргенин "Известия" жазды.
Анын айтымында, бул илдет эч качан адамзатка кооптуулук жараткан эмес.
"Азыр кырдаал бир аз башкача. Дарт ар кайсы өлкөдө бир-эки кишиден чыгып жатат. Албетте, жугушу мүмкүн, бейтаптардын саны көбөйүшү ыктымал, бирок вирустун табияты өзгөрдү дегенден алысмын. Мындай вирустар коронавирустан айырмаланып өзгөрүүгө өтө жай учурайт. Менимче, эпидемияга айланып кетүү кооптуулугу жок", — деди адис.
Маймыл чечеги биринчи жолу 1951-жылы катталган. Инфекция Африкада жайылган болчу.
"Африкага көбүрөөк мүнөздүү, ал жак жунгли, адам маймыл эле эмес башка да көптөгөн жаныбарлар менен байланышта болот. Ошол жакта маймыл чечеги көбүрөөк кездешкен", — деп түшүндүрдү Альштейн.
Инфекция адамдан адамга өтүшү мүмкүн, бирок кадимки чечектей жугуштуу эмес. Илдет оор өтөрү айтылып келет.
Түндүк Кореяда белгисиз дартка кабылгандардын саны 2,4 миллионго жетти