Кытай: Россия менен Украинадан эгин экспорттоо үчүн "жашыл коридор" түзүү керек

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев РФке каршы санкциялардын кесепети эл аралык азык-түлүк кризисине кептей турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Азык-түлүк боюнча дүйнөдөгү оор кырдаалды эске алуу менен Россия жана Украинанын эгинин экспорттоо үчүн "жашыл коридор" түзүү зарыл. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван Игдин айтканына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Азыркыдай кырдаалда эл аралык коомчулук эртерээк ок атышууну токтотууну жана Россия менен Украинанын дан эгиндерин экспорттоосу үчүн "жашыл коридор" түзүүнү талап кылышы керек. Кытай бардык тараптар менен кызматташууну улантууга даяр", — деди Ван И.
Министр эл аралык маанидеги негизги маселелерде Кытайдын "эч качан четте калбай турганын" баса белгилеп, Пекин муктаж болгон өлкөлөргө тынымсыз азык-түлүк жардамын берип жатканын кошумчалады.
Эске салсак, бир катар Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалга байланыштуу Россияга каршы бир нече санкциялар пакетин жарыялаган. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев бул санкциялардын кесепети эл аралык азык-түлүк кризисине кептей турганын айткан.
НАТО куралын таап алуу луганскилик жоокерлерге кадыресе көрүнүшкө айланды