Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФтин Коргоо министрлиги: Киев көзөмөлдөгөн аймактарда гуманитардык абал оор

БУУнун Балдар фондунун маалыматы боюнча, Украинада 8,7 миллион адам ачарчылыктан жабыркап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Киев көзөмөлдөгөн аймактарда гуманитардык абал оорлоп жатат. Беш жашка чейинки балдардын 20 пайыздан ашыгы курсагы тойбой жапа чегүүдө. Бул тууралуу Россиянын Коргонууну көзөмөлдөө боюнча улуттук борборунун башчысы, генерал-полковник Михаил Мизинцевге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Киев бийлиги көзөмөл кылган аймактарда гуманитардык кырдаал оорлошуп, курчуп баратат. БУУнун Балдар фондунун маалыматы боюнча, Украинада 8,7 миллион адам ачарчылыктан жапа чегүүдө. Беш жашка чейинки балдардын 22 пайызынын курсагы тойбой жатат", — деген Мизинцев брифингде.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Кийинчерээк ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага катар-катар санкцияларды салып, анын кесепети кайра Европанын өзүнө тийди. Күйүүчү май кымбаттап, Европа андан улам пайда болгон азык-түлүк инфляциясына кабылды. Каатчылык, кымбатчылыктан жөнөкөй эл жапа чегип, нааразы болууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинанын бардык бошотулган аймактарын калыбына келтирет