БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыз кишинин өсүүсүнүн үч стадиясына байкоо салуу керектигин акушер-гинеколог Арсен Аскеров айтып берди.
"Латын тилинде телархе, пубархе, менархе деп коёт. Кыргызча которгондо телархе — эмчектин өсүшү. Кыздарда төш 10-12 жашында чыгып баштайт. Ал эрте же кеч чыкса, ата-эне кооптонушу керек. Экинчи этабы — түктүн өсүшү. Болжолу менен 11-12 жашта чыгат. Үчүнчүсү — этек кирдин келиши. Ал 13-14 жашта башталат. Эрте же кеч келсе дарыгерге кайрылуу зарыл", — деди Аскеров.
Гинеколог ата-энелерди өспүрүм кыздардын тамактануусуна көңүл бурууга чакырды. Анткени бул этек кирдин өз убагынан эрте же кеч келишине таасир этет. Кыздын май катмары аз болсо этек кир кармалат. Толуп кетсе эрте келиши мүмкүн.