ЖМК: дүйнөлүк экономика рецессия алдында турат

Дүйнөлүк экономиканын алдан тайышына төрт фактор себеп болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Дүйнөлүк экономика рецессия (экономиканын ар тармагындагы кескин төмөндөө — ред.) коркунучунда турат. Бул тууралуу Financial Times басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Буга төмөнкү төрт фактор себеп болууда:
Кытайдын экономикасынын өсүү темпи COVID-19дун омикрон штаммы көбөйгөндө киргизилген карантиндик чаралардан улам жайлады;
АКШнын Федералдык резервдик системасы бир топ алдан тайды;
европалыктар катуу кризисти баштан кечирүүдө;
жаңы өнүгүп келе жаткан жакыр өлкөлөрдө азык-түлүк кризиси, атургай ачарчылык коркунучу келе жатат.
"Бул төрт көйгөйдүн ар бири пандемиядан кийин жаңы бутка туруп келе жаткан дүйнөлүк экономиканы кайра артка тартууда. Учурда бардык мамлекеттер колдон келген аракетин кылуусу керек", — деп айтылат макалада.
Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн. Учурда Еврокомиссия чектөө чараларынын алтынчы пакетин талкуулап жатат. Анын ичинде Россия мунайынан баш тартуу маселеси каралган.
Ушундай шартта күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, буга чейин Европа менен АКШда экономикалык көйгөйлөр жаралган. Евроаймактын 19 өлкөсүндө жылдык инфляция апрель айында рекорддук 7,5 пайызга чейин жетти.
Путин: соода агымы Батыштан эми башка жакка бурула баштады