Динара Ашимова ЖКнын Социалдык комитетинин төрайымы кызматынан кетти

Бул кызматка депутат Венера Раимбачаеванын талапкерлиги сунушталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Социалдык саясат комитетинин төрайымы кызматынан кетти. Бул тууралуу анын жазган арызын депутат Нуржигит Кадырбеков парламентте окуду.
Эл өкүлүнүн айтымында, Ашимбаева Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында КР Жогорку Кеңешинин делегациясынын төрайымы катары жумуштун көлөмүнүн көптүгүнөн өз каалоосу менен кызматтан баш тарткан.
Мындан улам Кадырбеков Социалдык саясат комитетинин төрайымдыгына "Ыйман нуру" фракциясынын мүчөсү Венера Раимбачаеваны сунуштады.
Коргонбай уулу чиновниктердин эмгек өргүүсүн узартуу долбоорун чакыртып алды