Атышуу жана жалындаган от... Бишкектеги антитеррордук машыгуудан 12 сүрөт

Бишкекте компетенттүү органдардын террорчулукка каршы биргелешкен "Өз ара иштешүү — 2022" аттуу машыгуусу өттү. Анда тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
Sputnik
Машыгуулар курулуп бүтө элек ТЭЦ-2нин аймагында болду. Ага УКМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, чек арачылар, милиционерлер жана дарыгерлер катышты.
"Өз ара иштешүү — 2022" машыгуусу УКМК төрагасынын орун басары Айбек Шаменовдун жетекчилиги менен ишке ашты.
1 / 12

Бишкекте террорчулукка каршы биргелешкен машыгуу өттү

2 / 12

"Өз ара иштешүү — 2022" машыгуусу курулуп бүтө элек ТЭЦ-2нин аймагында болду

3 / 12

Иш-чарага УКМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, чек арачылар, милиционерлер жана дарыгерлер катышты

4 / 12

Бишкектеги антитеррордук машыгуудагы сооттолгон техника

5 / 12

Аскерлер машыгуу учурунда

6 / 12

Машыгууну УКМК төрагасынын орун басары Айбек Шаменов жетектеди

7 / 12

Уламыш боюнча террорчулар бир нече адамды барымтага алган

8 / 12

Машыгуу учурунда тик учак жана башка техника колдонулду

9 / 12

Көнүгүү учурунда ит менен жүргөн жоокерлер

10 / 12

Антитеррордук машыгуу учурундагы өрт өчүрүүчүлөр

11 / 12

ТЭЦ-2нин аймагы курчоого алынды

12 / 12

Машыгуунун жыйынтыгы менен өзгөчө айырмаланган жоокерлер сыйланды

Тема боюнча:
Автоунаа жарылып, спецназ тик учактан секирип түшүп... Бишкектеги машыгуунун видеосу
Колго түшкөн "азовчулардан" тарта аймара модасына чейин. Апта ирмеми
Балыкчыда учкан "Байрактар", жалындаган танк. Аскердик машыгуудан 16 ирмем