Июнда Бишкекте өтчү футбол оюндары шоу-программа менен коштолот

Таймаштар 8, 11 жана 14-июнда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргыз футбол союзу июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болчу мелдештин алдында күйөрмандарга шоу-программа тартуулана турганын билдирди.
Эске салсак, 8, 11 жана 14-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогунун тандоо оюндары болот. Анда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы сингапурлук, мьянмалык жана тажикстандык атаандаштары менен ойнойт.
"Мелдештин алдында күйөрмандарга майрам уюштурулуп, комплекстин аймагында футболдун форматында оюн талаасы жайгаштырылат. Ал жакта дартс, топ киргизүү үчүн үйлөтүлгөн дарбаза, сумо кармашы болот. Эстрада жылдыздары өнөрлөрүн тартуулайт", — деп айтылат маалыматта.
Уюштуруучулар өзгөчө фотозона, аквагримёрлордун кызматтарын да убадалашууда. Ошондой эле шам-шум этип алганга атайын жайлар жасалары айтылды.
Оюнга билетти кайдан сатып алам деп ойлонуп жатсаңыз, Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалды окуңуз.
Азия кубогуна тандоо: Кыргызстан кайсы командалар менен ойной турганы айтылды