Экономика-финансылык интеграция негизинен биржа аркылуу болот. Ошондуктан өлкөнүн биржасын жаңы деңгээлге көтөрүү зарыл. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 26-майда өтө турган форумда бул тармактарга өзгөчө маани берилген.
"Евразиялык экономикалык форум 2019-жылы Москвада өткөн. Ошондо финансы тармагындагы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн интеграциясы кандай жүрөрү талкууланган. Ал эми быйылкы форумда көбүнчө талкуулар биржа жана баалуу кагаздар рыногуна тиешелүү. Негизинен экономика-финансылык интеграция биржа аркылуу жүргүзүлөт. Андыктан бул үч жыл аралыгында жасалган иштерге талдоо жүргүзүү зарылдыгы турат. 2019-жылы биржа аркылуу соода жүгүртүү 5-6 миллиард сомду түзсө, кийинки жылдары 10 миллиарддын тегерегинде болгон. Учурдагы өкмөт тарабынан ачылган бир катар мекемелер акционердик коом катары түзүлдү. Алардын уставдык капиталы өкмөт тарабынан каржыланууда. Ишканалар келечекте инвестиция тартуу менен иш алып барат. Башкача айтканда, учурдагы өкмөт биржанын өнүгүүсү үчүн жакшы иштерди жасап жатат. Мисалы, Россия, Казакстан, Беларусь жана Армениянын баалуу кагаздар рыногу жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Кыргызстанда 2025-2026-жылга чейин бирдиктүү биржа аянтчасына кирүү үчүн даярдыктарды көрүшүбүз керек. Ал үчүн автоматташтырылган системаны киргизүү, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгып, анын натыйжасын көрүү алдында турабыз", — деди Назаралиев.
Ошондой эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө товар, валюта, баалуу кагаздар биржа аркылуу гана сатыларын кошумчалады.