Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна жаткырылды

Саясатчы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында болчу. Ага чейин Бишкектеги №47 абактын ооруканасына жатып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылганын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, Атамбаев конвойдун коштоосунда аталган медициналык мекемеге бүгүн эртең менен алып келинген.
"Ден соолугу начарлаганына байланыштуу медициналык кароодон өткөрүү боюнча келтирген өтүнүчүбүздү сот 25-апрелде канааттандырган. Бир ай өткөндөн кийин которулду. Дарыгерлер канча убакыт керек десе ооруканада ошончо болот", — деди Жоошев.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев буга чейин башка адистерди тартууну талап кылып, абактагы ооруканада кароодон өтпөй койгон. Ден соолугу начарлаганын айтып сот жараянына катышуудан да баш тарткан. Аны мажбурлап алып келгенде чуу салып, бир нече ирет залдан кайра чыгарылган.
Саясатчы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында болчу. Ага чейин Бишкектеги №47 абактын ооруканасына жатып чыккан.
"Симулянт эмесмин!" Атамбаевдин сотто кабинаны тепкилеп кайра чуу салган видеосу