Радио

Сейткулов: кризис учурунда ишкер бизнесине SWOT-анализ жасашы абзел

JIA бизнес-ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү Эрлан Сейткулов кризис учурунда ар бир ишкер бизнесине SWOT-анализ жасап, тобокелчиликтерди азайтуунун жолун издеши керектигин айтты.
Sputnik
Ишкерлер геосаясий кырдаалга байланыштуу антикризистик чараларды кабыл алып, жаңы багыттарды, мүмкүнчүлүктөрдү карашы зарыл. Бизнес чөйрө биригип, коркунучтарга каршы туруштук берүүнүн жолдорун издеп, пикир алмашып турушу керек. Бул тууралуу Эрлан Сейткулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, валюта рыногундагы абалга саресеп салып, келишимдерди түзүүдө тактоолорго көңүл буруу керек.
"Экономикалык абал туруктуу болбой, ишкерлик чөйрөгө өзүнүн таасирин берип жатат. Ишкерлер геосаясий абалга байланыштуу антикризистик чараларды кабыл алып, жаңы багыттарды, мүмкүнчүлүктөрдү карап жатат. Бизнес чөйрө биригип, коркунучтарга каршы туруштук берүүнүн жолдорун издеп, пикир алмашып турушу абзел. Кээ бирөө мындайды көйгөй катары караса, айрымдары жаңы мүмкүнчүлүк деп эсептейт. Кризис учурунда ар бир ишкер бизнесине SWOT-анализ жасап, тобокелчиликтерди азайтуунун жолун издесе жакшы болот. Ишке диагностика жасап, чыгашаны азайтууну кароо натыйжа берет. Албетте, ири компаниялардын тажрыйбасы болгондуктан, оор учурларга даяр болушат. Бизде орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү көп. Аларга туура багыт көрсөтүү маанилүү", — деди Сейткулов.
Ошондой эле адис Россиянын соода-сатык тармагына кыргызстандык ишкерлердин кириши жаңы чакырыктарга жол ачарын кошумчалады.