БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Укук коргоо органдары "Ош" аэропортунун шыбы урап түшкөн имаратын кургандарды териштирип чыгышы керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев парламентте билдирди.
Белгилей кетсек, 18-май күнү катуу жааган жамгырдан улам аэропорттогу шыптын бир бөлүгү урап, залды суу каптаган.
"Мындан бир нече жыл мурда катуу суукта Бишкек ТЭЦинин абалы кандай болду эле. Жакшы тендер өтпөй акчалар уурдалып, ошонун негизинде курулуш сапатсыз жүргөн. "Ош" аэропорту да ошонун экинчи бөлүгү болуп жатат. Укук коргоо органдарына протоколдук тапшырма берели, тыкыр иликтеп чыгышсын. Аэропорттун шыбы урап түшүп, ичин суу каптаганы өтө уят иш болду. Бул бизге чоң сигнал болушу керек", — деди Козуев.
Ошондой эле депутат аэрпорттун кошумча бөлүгүн төрт курулуш компаниясы курганын белгиледи. Мындан улам укук коргоо органдарынан курулуштун сапатын, канча акча бөлүнгөнүн текшерип, отчет беришин талап кылды.
Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат кызматы учурда Транспорт прокуратурасы тарабынан текшерүү жүрүп жатканын билдирди. Анда окуянын себеби, аэропорттун имаратын кургандар жана аны кабыл алгандар териштирилет.