Техаста мектептеги куралдуу кол салуудан 18 окуучу жана мугалим мерт болду. Видео

Кылмышкер окуянын алдында өз чоң энесин өлтүрүп, окуя болгон жерден из жашырам деп жол кырсыгына кабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. АКШнын Техас штатында 18 жаштагы Сальвадор Ромас башталгыч мектепте ок чыгарып, жыйынтыгында 18 окуучу жана үч чоң киши каза болду. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.
Каргашалуу окуя Ювальда шаарында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышкер мектепке тапанча менен кирип барган. Окуянын алдында ал өз чоң энесин өлтүрүп, окуя болгон жерден из жашырам деп жол кырсыгына кабылган.
Ромас уюштурган куралуу кол салуудан 18 окуучу жана алардын мугалими көз жумган. Андан соң кылмышкерди тартип сакчылары ошол жерден атып өлтүрүшкөн. Ок атуудан полициянын эки офицери каза болгону айтылды.
Социалдык тармакта болжол менен Сальвадор Ромас тартылган видео жарыяланды. Анда баланын имараттын ичине чуркап киргенин көрүүгө болот.
АКШ президенти Жо Байден болуп өткөн кайгылуу окуяга байланыштуу курал-жаракты пропагандалоого тыюу салууга чакырды.
Бул АКШда 10 күн ичинде болгон эки массалык адам өлтүрүү. Ишемби, 14-майда, 18 жаштагы бала Нью-Йорк штатындагы Буффало шаарында азык-түлүк саткан дүкөндөн 10 адамдын өмүрүн алган. Тергөөчүлөр каргашаны расалык жек көрүүчүлүк менен байланыштырууда.
ЖМК: АКШда кылмышкерлер адам өлтүрбөшү үчүн аларга айлык төлөө сунушталууда