Баңгизат каналына тиешеси бар. "Женгого" таандык кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалды

Кармалгандар учурда Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайда экендиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кылмыш дүйнөсүндө аты чыккандардын бири, Женго каймана ысымы бар Кадырбек Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун активдүү үч мүчөсү эл аралык баңгизат каналына катыштыгы бар деп кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

Кылмыш дүйнөсүндө аты чыккандардын бири, Женго каймана ысымы бар Кадырбек Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун активдүү үч мүчөсү эл аралык баңгизат каналына катыштыгы бар деп кармалды

2 / 3

УКМКнын билдиргенине караганда, Ош облусунун тургундары тарабынан жогоруда аталган каттам боюнча эл аралык баңгизат каналын түзгөндүктөрү аныкталган

3 / 3

Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.

"2022-жылдын 21-майында Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун үч мүчөсү: А.У.Т., М.у.М., жана Т.Ж.А. "Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан" багытында эл аралык баңгизат каналына катыштыгы бар деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынган", — деп айтылган маалыматта.
УКМКнын билдиргенине караганда, Ош облусунун тургундары тарабынан жогоруда аталган каттам боюнча эл аралык баңгизат каналын түзгөндүктөрү аныкталган.
"Ал күнү УКМК кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, текшерүү учурунда "Азия ойл" май куюучу жайынын аймагынан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын жанынан сары скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 1 кг 980 граммды түзгөн (болжол менен гашиш) зат табылган", — деп айтышты УКМКдан.
Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген. Андан сырткары, баңгизат каналына тиешеси бар башкаларды аныктоого багытталган ыкчам издөө иштери комплекстүү жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Ошто "Женгонун" адамдары акча алып жаткан жеринен кармалды. Видео