Тизмеге UFC эле эмес, Pride жана Strikeforce сыяктуу уюмдардын да мушкерлери кирген.
Биринчилерден болуп UFC чемпиону Валентина Шевченконун нокауту көрсөтүлөт. Чикагодо өткөн UFC 238 турниринде кыргызстандык спортчу Жессика Айды башка тээп сулаткан. Атаандаш кыз көптө барып эсине келип, андан соң эптеп туруштук берүүгө аракет кылган.
Шевченконун бул соккусу "кеченин мыкты ирмеми" аталып, мушкер 50 миң доллар өлчөмүндө сый акыга татыган.
Валентинадан тышкары, UFC Рафаэль Физиевдин кармашын да бөлүп көрсөткөн. Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 199 турниринде ал айланып туруп тээп, Бред Ридделлди утуп алган.
Тема боюнча: