Шаршембиге карата аба ырайы

25-майга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. 25-майда Талас менен Баткенден башка региондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Талас жергесинде +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл чөлкөмүндө +16...+21, Нарын аймагында +15...+20 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31 жана Ошто +30...+32 градуска жетет.
Радио
Алакунов: чегирткенин толкуну ар 8-9 жылда жогорку чекке жетип турат