Пресс-борбор

Салымбеков кризис жаңы мүмкүнчүлүк тартуулай турганын эскертти

Ишкер Борбордук Азияда негизинен алдыны көздөй жылыш бар экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бизнесмен Аскар Салымбеков кризистен улам жаралып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып калууга чакырды.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Дүйнө экономикасынын кайра түзүлүп жаткан фонунда "Дордойдун" экинчи жашоосу башталабы" аттуу брифингде сүйлөгөн.
"Кризис — бул жаңы мүмкүнчүлүктөр дагы. Мен канчалык татаал болгонуна карабастан жаралып жаткан мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып калууга чакырат элем", — деди Салымбеков.
Ал Борбордук Азияда негизинен алдыга жылыштар болуп жатканын белгиледи. Ишкер Өзбекстанда бир нече жыл мурун соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүнө токтолуп, Казакстанда жыл башынан бери чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын, ал эми Кыргызстанда реформалар жүрүп жатканын кошумчалады.
"Борбор Азия чөлкөмүндө ушундай өзгөрүүлөр жүрүп жаткан маалда биз, ишкерлер, өз салымыбызды кошушубуз керек", — деди ал.
Пресс-борбор
ЕАЭБде транзиттик жүктөрдүн агымын көбөйтүүчү долбоор иштелип жатат