ЖМК: Россияда бензиндин дүң баасы кескин төмөндөдү

Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майларды негизинен Россиядан импорттойт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Россия биржасында бензиндин баасы кескин төмөндөп, 2016-жылдан бери быйылкы сезондогу эң төмөнкү чегине түштү. Бул тууралуу "КоммерсантЪ" басылмасына шилтеме берип "Прайм" агенттиги жазды.
"АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы жыл башынан бери дээрлик 30 пайызга түшүп, тоннасы 37 миң рублди түздү. Баа пандемия учурунда да мынчалык төмөндөгөн эмес. 23-майда СПбМТСБ биржасында ушул эле бензиндин баасы тоннасына 37,2 миң рубль болду. Бул мурунку соода күнүнө салыштырмалуу 1,5 пайызга арзан", — деп айтылат макалада.
Маалыматка караганда, антироссиялык санкциялардан улам күйүүчү май менен мунайдын экспортуна чектөөлөр коюлгандыктан учурда анын баасынын кескин төмөндөшү байкалууда.
Май айында май куюучу жайларда күйүүчү майдын сатылуусу 2021-жылга салыштырмалуу 15-20 пайызга кыскарганын Россиянын Отун союзунун вице-президенти Ринат Фаттахов билдирди. Өндүрүүчүлөр бонустук программаларды өркүндөтүп, кардарлар үчүн күрөшө баштады. Мунун фонунда көз карандысыз май куюучу станциялар бензиндин баасын төмөндөтүп жатканы маалым.
Эске салсак, соңку эки жылда башка маанилүү товарлардай эле күйүүчү май кескин кымбаттады. Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майларды негизинен Россиядан импорттойт.
Адис Россияда бензин качан жана канча пайызга арзандай турганын айтты