Ошто "Коопсуздук-2022" жана "Түштүк-2022" машыгуулары башталды. Сүрөт

Даярдык көрүүдө жарандарды эвакуациялоо, качкындарды убактылуу жайгаштыруу иш жүзүндө көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бүгүн, 24-майда, Ош, Жалал-Абад облустарында "Коопсуздук-2022" жана "Түштүк-2022" бирдиктүү мобилизациялык жана командалык-штабдык машыгуулар башталды. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бүгүн, 24-майда, Ош, Жалал-Абад облустарында "Коопсуздук-2022" жана "Түштүк-2022" бирдиктүү мобилизациялык жана командалык-штабдык машыгуулар башталды

2 / 4

Билдирмеге караганда, машыгуунун ачылышына Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы, генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов катышкан

3 / 4

Ошондой эле ал жерге жергиликтүү бийлик органдары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык бөлүмдөрү барган

4 / 4

Министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү жарандарды белгилүү бир аймактан эвакуациялоону, качкындарды убактылуу жайгаштырууну иш жүзүндө көрсөтүп бере турганы кошумчаланды. Машыгуулар 26-майга чейин созулмакчы.

Билдирмеге караганда, машыгуунун ачылышына Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы, генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов катышкан. Ошондой эле ал жерге жергиликтүү бийлик органдары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык бөлүмдөрү барган.
"Ош облусунун Ош, Ноокат шаарларында, Жалал-Абад облусунунун Ала-Бука районунда регионго аскердик абалды киргизүү шартында тапшырмалар аткарылат. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында резервдик бөлүктөрдүн күчү менен өткөрүү пунктулары орнотулат", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү жарандарды белгилүү бир аймактан эвакуациялоону, качкындарды убактылуу жайгаштырууну иш жүзүндө көрсөтүп бере турганы кошумчаланды. Машыгуулар 26-майга чейин созулмакчы.
РФ лидери: күздө ЖККУнун машыгуулары өтөт, алар Кыргызстанда да болот