Москвада кран кулап, 23 жаштагы кыргызстандык көз жумду

Учурда көз жумган жигиттин сөөгүн мекенге кайтаруу маселеси чечилип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Москвада кран кулап, жыйынтыгында Кыргызстандын 23 жаштагы Р. у Н. аттуу жараны каза болду. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, консулдук бөлүмдүн кызматкери окуя болгон жерге чыгып кетти.
"Кыргызстан жаранынын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын тактоо үчүн элчилик Россиянын укук коргоо органдарына жана Москва шаарынын мамлекеттик эмгек инспекциясына кайрылуу жолдоду. Учурда көз жумган жигиттин сөөгүн мекенге кайтаруу маселеси чечилип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Окуя дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Россиянын айрым шаарларынан Кыргызстанга "Жүк-200" акысыз жеткирилет. Тизме