Мектептерде ар аптанын башында жана аягында гимн ырдалмай болду

Демилге окуучулар арасында улуттук аң-сезим, патриоттуулукту күчөтүү максатын көздөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Мындан ары ар аптанын башында жана этегинде мектептерде Кыргызстандын гимни милдеттүү түрдө ырдалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткенде өтүп жаткан көчмө жыйында билдиргенин министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, министрдин демилгеси отурумдун катышуучулары тарабынан колдоого алынган.
"Демилге окуучулар арасында улуттук аң-сезим, патриоттуулукту күчөтүү максатын көздөйт", — деп айтылат маалыматта.
Ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги Баткенде көчмө жыйын өткөрүп жатканы кошумчаланды.
Ич жылытып... Кыргыз волейболчуларынын оюнду токтотуп, гимн ырдаган видеосу