Пресс-борбор

Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгы менен дагы кандай иш-чаралар өтөт

Бишкек Биринчи Евразиялык экономикалык форумга келе турчу 15 өлкөнүн өкүлдөрүн кабыл алууга даярданып жатат. Анткен менен бул Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгында өтүүчү жалгыз иш-чара эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгынын алкагында дагы кандай иш-чараларды өткөрүү каралып жаткандыгын Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аталган форумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча оперативдүү штабынын жетекчиси, ЕЭКтин Протокол жана уюштуруу иштерин камсыздоо боюнча департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди.
Ал бүгүн, 24-майда, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн Бишкек — Москва — Минск — Ереван — Нур-Султан видеокөпүрөсүнө катышты.
"Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгынын алкагында аталган бирикмеге мүчө болгон мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммити өтөт, ал болжол менен август айына пландалган. Мындан сырткары, быйыл Евразиялык экономикалык комиссия өзүнүн 10 жылдыгын белгилейт, буга карата да бир нече иштер белгиленген. Өзгөчө көңүл жаш муундарга бөлүнөт. Комиссиянын өкүлдөрүнүн жогорку окуу жайлардагы лекцияларын жана андан сырткары бир катар иш-чараларын уюштурууну көздөп жатабыз. Бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрү менен да жолугушуу болот", — деди Турусбеков.
Ал 2022-жылдын IV кварталында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Жаштар форумун өткөрүү күтүлүп жатканын эске салып, ал демилгени Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун көтөргөндүгүн айтты.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Бишкекте өтчү Евразия экономикалык форумунда кол коюлчу документтер айтылды