Кыргызстандын жоокерлери Түркиядагы машыгууга катышууда

Министрлик аскерлер тажрыйба алмашып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери Түркияда өтүп жаткан көп улуттуу "Эфес-2022" машыгуусуна катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, машыгуунун биринчи этабы командалык-штабдык форматта Измирде өткөн.
"28-майдан 9-июнга чейин ошол эле Измир шаарындагы "Доганбей" полигонунда бир нече улуттун кошуундарынын курамында ок атуу менен коштолгон практикалык аракеттер пландалган. Машыгуунун максаты атайын багыттагы аскерлердин чеберчилигин, күжүрмөн даярдыгынын деңгээлин көтөрүү болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик Кыргызстандын жоокерлери тажрыйба алмашып жатканын белгилеген.
Автоунаа жарылып, спецназ тик учактан секирип түшүп... Бишкектеги машыгуунун видеосу