Пресс-борбор

Салымбеков өлкөнүн ЕАЭБге мүчөлүгү "Дордойго" кандай таасир эткенин айтты

Ишкер Бажы биримдиги түзүлүп жатканда Кыргызстанда бизнес-коомчулук тынчсызданганын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу "Дордой" базарына жакшы таасирин тийгизди. Бул тууралуу "Дордой" ассоциациясынын ардактуу төрагасы Аскар Салымбеков билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Дүйнө экономикасынын кайра түзүлүп жаткан фонунда "Дордойдун" экинчи жашоосу башталабы" аттуу брифингде сүйлөгөн.
Салымбеков "Дордой" 2008-жылы дүйнөдөгү эң ири он базардын катарына кирип, чоң хабга айланганын эске салды. Анын айтымында, Бажы биримдиги, ЕАЭБ түзүлүп жатканда "Дордойдун" көптөгөн ишкерлери кооптонуп, чектөөлөр болуп, мүмкүнчүлүктөр кыскарып кетет деп чочулашкан.
"Россия менен Казакстан чек араларын жаба баштаганда (Бажы биримдигинин түзүлүшү менен – ред.) баары түшүнүктүү болду. Казакстан, Россия сыяктуу өнөктөш өлкөлөрсүз өнүгүү мүмкүн эмес. Чек аралар ачылганда гана "Дордой" ошол эле темп менен өнүгө баштады", — деди ишкер.
Ошондой эле ал жеңил өнөр жай боюнча Кыргызстан Өзбекстандан да озуп кеткенин кошумчалады.
Пресс-борбор
Салымбеков кризис жаңы мүмкүнчүлүк тартуулай турганын эскертти