"Кумтөр голд компани" кирешесинен Нарынды өнүктүрүү фондуна акча бөлүп турат

Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу 2021-жылы 17-майда киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасына ай сайын дүң кирешенин 0,6 пайызын "Нарын облусун өнүктүрүү" фондуна төгүп туруу сунушталды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттөн билдиришти.
"Өткөн ай үчүн сом менен алынган дүң кирешенин 0,6 пайызын ай сайын Борбордук казыналыгында ачылган "Нарын облусун өнүктүрүү" фондунун атайын эсебине которуу сунушталсын. Негизги максат — облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Нарын облусунун жашоочулары менен жолугушууда "Нарын облусун өнүктүрүү" фонду түзүлүп, ага "Кумтөр голд компани" ЖАКы акча төгүп турарын айткан.
Эске салсак, 2021-жылы 17-майда Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилген.
Тышкы башкарууга бир жыл. Садыр Жапаров Кумтөрдү текшерте баштады