БИШКЕК, 24-май. — Sputnik. Эрте төрөттүн кесепеттери тууралуу Кыргызстандагы акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров айтып берди.
Гинекологдун айтымында, кыздарда 14 жашында айызы келгенден тарта боюна бүтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда кыздын жатыны кичинекей болгондуктан түйүлдүктүн жайгашышы тобокелдикти жаратат.
"Өспүрүмдүн иммундук системасы назик, сезимтал келет. Анан да эркектин клеткалары өспүрүм кыздын организмине агрессия жаратат. Кийин баланын тону жакшы болбой, ар кандай оорулар чыгат. Кан басым көтөрүлүп, органдар жакшы иштебей, кыздан кан кетип, ымыркай өспөй, тону эрте ажырашы ыктымал", — деди адис.
Ал, мындан сырткары, ымыркай ара төрөлүп же оорукчан болуп, айрым учурда чарчап калуу коркунучу да боло турганын кошумчалады.