Радио

Сарыбаев: Европада химиялык өндүрүш өнүккөндүктөн нефтиден көз каранды

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев Европада газ, нефть аркылуу химиялык өндүрүш өнүккөндүктөн Батыштын газдан баш тартышы оор учурду жаратарын айтты.
Sputnik
Нефть алып келүүчү танкерлерин, курулуш структураларын башка өлкөлөргө жайгаштыруу үчүн убакыт, каражат керек. Ал баалардын өсүшүнө, ири кризистин башталышына, жумушсуздуктун күчөшүнө алып келет. Бул тууралуу Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Европа өзүнүн кен байлыктарын толук колдонуп бүткөндүктөн энергетикалык ресурстары бай өлкөлөрдөн көз каранды.
"Европа өлкөлөрү өзүнүн кен байлыктарын дээрлик толук колдонуп бүткөн. Демек, кен байлыктарга бай Азия, Африка сыяктуу өлкөлөрдөн көз каранды. Европада газдын, нефтинин жардамы менен иштеген химиялык өндүрүш өнүккөн, мындан улам Батыштын газдан баш тартышы оор учурду жарат. Алсак, Европа нефть алып келүүчү танкерлерин, курулуш структураларын башка өлкөлөргө жайгаштыруу үчүн убакыт, каражат керек. Ал баалардын өсүшүнө, ири кризистин башталышына, жумушсуздуктун күчөшүнө алып келет", — деди Сарыбаев.
Ошондой эле профессор Батыштын Россия менен мамилесинин үзүлүшү Европага азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратарын кошумчалады.