Пресс-борбор

Салымбеков Бишкектеги Евразия форумунда эмне маселелер талкуулана турганын айтты

26-майда ордо калаада Евразия экономикалык форуму өтөт. Ага 1 700 катышуучу катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. "Дордой" ассоцияциясынын ардактуу төрагасы Аскар Салымбеков Бишкекте өтчү Евразия экономикалык форумунан эмнелерди күтүп жатканын айтты.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Дүйнө экономикасынын кайра түзүлүп жаткан фонунда "Дордойдун" экинчи жашоосу башталабы" брифингинде сөз сүйлөгөн.
Салымбековдун айтымында, Кыргызстанда мындай ири форум биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Эксперт, экономист, окумуштуулар бир аянтчага чогулуп, дүйнөдөгү азыркы кырдаалды жана андан чыгуунун жолун талкуулашат.
"Бул кризис өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге өзгөчө кедергисин тийгизүүдө. Биз дагы дүйнөдө болуп жаткан процесстерден көз карандыбыз. Форумда каатчылыктан чыгуу боюнча сунуштар иштелип чыгат", — деди Салымбеков.
Ал 2022-жылдагы кризис Украинадагы кырдаалдан улам башталганын айтып, абал улам оорлошуп баратканын кошумчалаган.
"Биздин форум азыр болуп көрбөгөндөй актуалдуу. Көптөгөн эксперттердин оюн угуп, сунуштарды иштеп чыгышыбыз керек", — деген ал.
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан Евразия экономикалык форумунун эл аралык маалыматтык өнөктөшү болуп эсептелет.
Радио
Ибраев: ЕАЭБдин Бишкекте өтчү форумуна миңдей адам катышат