Евразия экономикалык форуму

Бишкекте өтчү Евразия экономикалык форумунда кол коюлчу документтер айтылды

Иш-чарага 15 өлкөдөн 2,5 миңдей адам катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Евразия экономикалык форумунда кызматташуунун түрдүү багыттары боюнча 10го жакын меморандумга кол коюу пландалууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын аталган Форумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча оперативдүү штабынын жетекчиси, ЕЭКтин Протокол жана уюштуруу иштерин камсыздоо боюнча департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн Бишкек — Москва — Минск — Ереван — Нур-Султан видеокөпүрөсүнө катышты.
Турусбековдун айтымында, алдыдагы иш-чарага 15 өлкөдөн 2,5 миңдей адам катышат.
"Документтер коммерциялык мүнөздө эмес. Мисалы, туризм тармагын өнүктүрүү, ЖОЖдор арасындагы кызматташтык боюнча меморандумдарга кол коюлат. Евразия экономикалык комиссиясы 2025-жылга чейин жаңы келишим боюнча макулдашат", — деди Турусбеков.
Мындан тышкары, форумдун алкагында Россиянын Соода-өнөр жай палатасы Евразия элдеринин ассамблеясы менен кызматташуу боюнча келишимдерди түзүүнү пландап жатканы кошумчаланды.
Ошондой эле Турусбеков ЕАЭБ ишкерлер кеңеши Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КГУСТА) Технопарк илимий-технологиялык борбору менен келишим түзүүнү пландаштырып жатканын айтты.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Бишкектеги Евразиялык экономикалык форумга кайсы өлкөлөрдөн келишери маалым болду