Пресс-борбор

Евразия экономикалык форумун өткөрүү Кыргызстанга кандай артыкчылык берет

Форумда кыргыз ишкерлерине чет элдик кесиптештер менен пикир алышууга, өнөктөш табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстан Евразия экономикалык форумун өткөрүү үчүн аянтча берүү менен кандай артыкчылыктарга ээ болот? Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын аталган форумун уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыкчам штабдын жетекчиси, ЕЭКтин Протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков түшүндүрүп берди.
Евразия экономикалык комиссиясынын аталган форумун уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыкчам штабдын жетекчиси, ЕЭКтин Протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков
Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн Бишкек — Москва — Минск — Ереван — Нур-Султан видеокөпүрөсүнө катышты.
Турусбековдун айтымында, ушул күндөрү борборго Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ири ишкерлери жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү келишет.
"Кыргызстандын бизнес өкүлдөрү суроолорду түз берип, жооп ала алышат. Ошондой эле өз демилгелерин көтөрсө болот. Форум ошондой эле башка өлкөлөрдүн ишкерлери менен таанышууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну баштоого, ЕАЭБдеги өнөр жай кооперациясынын келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет", — деди ал.
Мындан тышкары, Турусбеков ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери бир жерде жолугушарын, университеттер аралык консорциум түзүү пландалып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаштар евразиялык интеграциянын күн тартибине тереңирээк сүңгүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Буга чейин ал иш-чарага катышуу үчүн Бишкекке кайсы мамлекеттердин өкүлдөрү келерин айткан.
Sputnik Кыргызстан — Евразия экономикалык форумунун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Бишкекте өтчү Евразия экономикалык форумунда кол коюлчу документтер айтылды