Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркеч-Там" бекети убактылуу жабылды

Чек ара кызматы айдоочу жана жүк ташуучуларды сапарга чыгарда абалды эске алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркеч-Там" посту убактылуу жабылды. Азырынча ал жактан автоунаа жана жүк ташуучу унаалар өтө албайт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Кытай тараптын маалыматына караганда, аталган мамлекетте жамгыр нөшөрлөп жаагандыктан жолдун айрым бөлүктөрүн суу алып, көпүрөлөр талкаланган. Азыркы тапта оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
"Өткөрмө пункту иштей баштаганда кошумча маалымат берилет",— деп айтылат билдирмеде.
Чек ара кызматы айдоочу жана жүк ташуучуларды сапарга чыгарда абалды эске алууга чакырды.
Чек ара кызматы: өлкөнүн өткөрмө жайларында топтолгон автоунаа жок